icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Документы

Буйрукка өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа
«Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-
изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет
мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу
лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-
бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-
жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым
түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна ылайык, Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы
№ 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем
жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө»
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу
органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 20-
пунктунун 1-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен
бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак
жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» (мындан ары — Курулуш
министрлиги) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
    Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик
    агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз
    Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери
    жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер
    тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын
    тиземесин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери
жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер
тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын
тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:


20. «Кытай темир жол алтынчы корпорациясы» ЖЧКсы
(Кытай Эл Республикасы, Пекин шаарынын Хайдянь райондук рыногун
көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы)
— долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери.
Бирдиктүү коомдук кредиттик код: 91110108101884765М
2022-жылдын 21-июну.


  1. Курулуш министринин орун басары Б.К. Станбеков:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-
    февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын
    расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту
    расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;

  • расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде
    ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки
    нускада — кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун
    жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция
    министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине
    киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
    Администрациясына маалымат катары жөнөтсүн.

  1. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Курулуш министринин
    орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.

  2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн
    кийин күчүнө кирет.

Скачать