Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы жаңы курулуп жаткан турак жай комплексинин аймагындагы топурактын сапаты текшерилди .
Текшерүүнүн алкагында адистер топурактын тыгыздык даражасын аныктоо үчүн сыноолорду жүргүздү, бул аткарылган иштердин белгиленген курулуш стандарттарына жана талаптарына шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.
Мындай текшерүүлөр курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн курулуштун бардык этаптарында жүргүзүлөт.


