icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кочкордогу борбордук стадиондо реконструкция иштери жүрүп жатат

Нарын облусунун Кочкор районундагы борбордук стадиондо ири реконструкция иштери жүрүп жатат.

Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө турат.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты—улуттук стандарттарга жооп берген заманбап спорттук инфратүзүмдү түзүү. Стадион жаштар үчүн райондук, республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө багытталган, маанилүү борбор болот.

Белгилей кетсек, стадион 1980-жылы курулуп, андан бери реконструкциядан өткөн эмес.