Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан Токтогул шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда курулуп жаткан соода борбордун курулушу текшерилди.
Текшерүүнүн алкагында, жол боюнда курулуп жаткан эки кабаттуу соода борбордо курулуш ченемдери сакталбагандыгы аныкталды. Натыйжада, курулуш объектисинин ээсине айып пул салынып, туура эмес коюлган кыш, пеноблок конструкциялары буздурулуп, бекемдөө менен кайрадан куруу талаптары коюлду.
Ошондой эле, аталган аймакка Жалал-Абад региондук
башкармалыгы тарабынан курулуш ченемдерин сактоо боюнча тыкыр көзөмөлгө алынары
эскертилди.


