icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Жаңы-Достуктагы курулуш объектилери министрликтин көзөмөлүндө

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан Кыргыз–Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы боюнча көчүрүлө турган айылдардын жашоочулары үчүн курулган Жаңы-Достук айылында социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлиги тарабынан объектилердеги курулуш нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө максатында жеринде текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Бүгүнкү күндө жеке турак үйлөрдүн курулуштары аяктап, учурда мектеп, бала бакча жана ФАП курулууда. Ошондой эле айылдын инфратүзүмүн өнүктүрүү багытында асфальт төшөө, агын суу жана ичүүчү суу түтүктөрүн орнотуу иштери улантылууда.

Текшерүү учурунда курулуш объектилеринин сапатына, коопсуздук жана техникалык эрежелердин талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулуп келет.