Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын сыноо лабораториясы тарабынан Ош шаарындагы Курманжан-Датка жана Беш-Капа көчөлөрүндө жайгашкан IT-шаарчасынын курулуш объектисинде сыноо жүргүзүлдү. Тагыраагы объектидеги монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди. Аталган шаарча турак жай комплексин, билим берүү борборлорун, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп жана заманбап ооруканаларды камтыйт.
Сыноолор МамСТ 22690-2015 "Бетондор. Бузбаган механикалык ыкмалар менен бекемдигин аныктоо" талаптарына ылайык жүргүзүлдү. Текшерүү монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдигин аныктоого жана алардын курулуш стандарттарына шайкештигин баалоого багытталган.
Мындай сыноолорду жүргүзүү курулуп жаткан имараттардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле ири социалдык жана инфратүзүмдүк объектилерди курууда технологиялык талаптардын сакталышын тастыктоого мүмкүндүк берет.
Мындан сырткары, борбордун кызматкерлери республиканын бардык лабораторияларына киргизилген жаңы формага ээ болду. Жаңы форма адистердин кесиптик статусун жана сертификаттоо кызматынын бирдиктүү иш стандарттарын баса белгилейт.


