icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кочкор районунда жаңы спорт комплекс курулууда

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулууда. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери аткарылып жатат. Спорт комплекстин жалпы аянты—1 433,38 м². Объект Президенттик фонддон каржыланууда.

Ал эми Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат. 

Келечекте бул комплекс спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларга жана активдүү эс алууга ылайыкталган заманбап борборго айланып, Кочкор районунун спорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот.