icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Сын-Таштагы спорт залдын курулушу быйыл бүтөт

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында курулуп жаткан жаңы спорт зал быйыл пайдаланууга берилет. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып,  64 миллион сомго салынды.

Жалпы аянты 620 чарчы метр болгон спорт зал заманбап талаптарга жооп берет. Курулуш-монтаждоо иштери "Проф-Альянс" ЖЧКсы тарабынан аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Спорт зал пайдаланууга берилсе мектеп окуучулардын спорт менен машыгуусуна толук шарт түзүлөт.