icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Кожомкул айылындагы ири долбоордун курулушуна старт берилди

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Курванбек Авазов Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын (Военно-Антоновка) ВОССТ-2 жаңы конушундагы 4 гектар жердеги 750 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча жана сейил бактын курулушуна мезгил кутусун салды.

Төраганын орун басарына Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу социалдык объектилердин долбоору менен тааныштырды.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат.

Башкы план боюнча 3,1 гектар жерге 3 кабаттуу окуу корпусу заманбап спорт залы менен курулуп, сырткы футбол, волейбол, баскетбол үчүн аянтчалар каралган. Мектептин курулушу 451 миллион сомго бааланууда.

Ал эми 1,3 гектар жерге жаңы 120 орунга ылайыкталган заманбап эки кабаттуу бала бакча курулат. Объекттин сметалык баасы 96 миллион сомго бааланды.