icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Чапаев айылына 239 миллион сомго жаңы мектеп салынууда

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чапаев айылына 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин тендердик баасы 239 миллион сомду түзөт.

Башкы план боюнча аянты  2479,8 чарчы метр болгон мектеп беш блоктон турат. Курулуш иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүп эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен курулат. Азыркы тапта имараттын пайдубалы куюлду.