Бишкек шаарынын “Дизайн-код” долбоорунун экинчи этабын
жана “Ачык асман” концепциясын ишке ашыруунун алкагында имараттардын
фасаддарында иретсиз жайгашкан инженердик коммуникацияларды (ВОЛС) иретке
келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө чакырабыз:
-Имараттардын жана
курулмаларынын көчө тарабындагы (алдыңкы) фасаддары боюнча тартылган бардык
кабелдерди өз алдынча демонтаждоо;
-Байланыш линияларын жер
астынан же ички (двордук) фасаддар аркылуу орнотуу жолу менен кайра
жайгаштыруу;
-Бардык сырткы инженердик
тармактарды архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирүү.
Иш-чаранын биринчи этабы Жибек Жолу проспектиси, Чүй проспектиси, Ж. Абдрахманов көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси, И. Ахунбаев көчөсүндө жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын тургундарын жарандык активдүүлүк көрсөтүүгө жана өз интернет-провайдерлерине кайрылып, фасаддар боюнча тартылган кабелдерди мүмкүн болушунча тез арада иретке келтирүүнү талап кылууга чакырабыз.
Кошумча суроолор боюнча, Кыргыз Республикасынын
курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгына
кайрылсаңыздар болот: 0312-31-29-90


