Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Чүй облусунун Кант шаарындагы заводдордун биринде хризотилцементтен жасалган листтин сапатына көзөмөл жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө борбордун адистери продукциянын өндүрүштүк технологиялык процесси жана тиешелүү документтери менен таанышты. Көзөмөл иштери материалдардын белгиленген талаптарга жана стандарттарга шайкештигин тастыктоо максатында жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, курулуш материалдарын өндүргөн ишканалар жыл сайын Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан милдеттүү түрдө сертификациядан өтүп турат. Бул чыгарылган продукциянын сапатын аныктоого жана аны колдонуудагы коопсуздукту камсыздоого мүмкүндүк берет.
Курулушта
сертификаттоонун республикалык борбору курулуш материалдарынын сапатын туруктуу
негизде көзөмөлдөп келет. Бул өлкө боюнча жарандардын коопсуздугун жана курулуш
объектилеринин ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.


