icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кош-Дөбө айылындагы жаңы оорукана

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында жаңы оорукана курулду. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 65 миллион сом бөлүнгөн.

Долбоор боюнча 20 койкага ылайыкталган заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат медициналык жабдуулар менен камсыздалды. Объекттин аянты 721 чарчы метрди түзөт. 

Курулуш-монтаждоо иштери 2024-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.