icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Жаңы сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет архитекторлор Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Коммунарская көчөсүндө жайгаша турган жаңы сквердин экологиялык жана шаар куруу талаптарына ылайык эскиздик долбоорун даярдады.

Аталган долбоор аймактын жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана кооз эс алуу мейкиндигин түзүүгө багытталган. Эскиздик долбоорго ылайык, жашыл аймак, отургучтар, жарыктандыруу системасы, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор жана балдар ойноочу аянтча каралган.