icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Көк-Жар айылында 120 орундуу жаңы бала бакча курулууда

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында жаңы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты эки кабаттуу курулуп, балдар үчүн заманбап бардык шарттар каралган.

Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери аяктап, пайдубалдын арматуралык каркасын даярдоо иштери жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, объект Президенттик фонддон каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталган.