Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Ташлак айылында жайгашкан жолдун үстүңкү жана астыңкы катмары үчүн асфальт-бетон аралашмасын чыгаруучу заводдордун бирине текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүк аянттарын карап чыгып, техникалык документтерин изилдеп, ошондой эле, сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн кум менен шагылдын үлгүлөрүн алды.
Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгы менен продукциянын ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келүүсү же келбестиги жөнүндө чечим кабыл алынат.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагындагы объекттердин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун камсыз кылуу максатында курулуш материалдарынын сапатына системалуу көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.


