icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарындагы көп кабаттуу унаа токтоочу жайдын эскиздик долбоору

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет архитекторлор Ош шаарынын күн чыгыш тарабындагы Н.Исанов көчөсүнө жайгашуучу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Долбоорго ылайык, имарат жалпы 5 кабаттан туруп, 125 автоунаага ылайыкташкан.

Аталган долбоор, шаардын негизги көйгөйлөрүнүн бири болгон унаа тыгынын азайтууга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.