Кыргыз
Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо
департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан
курулуш объектилерине карата көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын
алкагында, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын мыйзам бузууларды
четтетүү жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруу максатында Чүй регионалдык мамлекеттик
архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан "ЛАХОР СТИЛ
МИЛС" ЖЧКсына пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө
Чүй облусунун Шопоков шаарынын Биринчи май көчөсү 29 А дарегинде жайгашкан “ЛАХОР
СТИЛ МИЛС” ЖЧКсынын ишканасында мыйзам бузуулар аныкталган. Буга чейин
да аталган аймак боюнча текшерүү жүргүзүлүп, (42×17 метр өлчөмүндөгү)
даяр продукцияны сактоочу
кампаны куруу жана куйма цехин реконструкциялоо иштери тиешелүү долбоордук жана
уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлгөнү маалым болгон.
Анын негизинде, Кыргыз
Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын
сактабагандыгы үчүн административдик чаралар көрүлүп, 400 000 сом айып пул
салынган. Айып пул белгиленген мөөнөттө
төлөнбөгөндүктөн, кошумча 400 000 сом өлчөмүндө туум эсептелинди. Натыйжада, айып пулдун жалпы суммасы 800 000сомду түзүп, материалдар Сокулук
райондук мажбурлап аткаруу кызматына (ПССИ) жөнөтүлдү.
Мындан тышкары,
регионалдык башкармалык сот органдарына өз алдынча курулган даяр продукция
сактоочу кампаны бузуу жана куйма цехинин ишин тиешелүү уруксат документтери
жана шайкештик акты алынганга чейин токтотуу талабы менен доо арызын берди.
Кыргыз
Республикасынын Курулуш министрлиги бардык жарандарга жана уюмдарга объекттерди
курууда шаар куруу талаптарын жана мыйзам-ченемдерин так сактоо зарылдыгын
эскертет.


