icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкектеги дагы бир көп кабаттуу үйдүн документи тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти көп жыл мурда мыйзамсыз курулуп калган көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча иш жүргүзүүдө.

Департаменттин директору Эрназарбек Суеркулов Бишкек шаарынын Курчатов көчөсү 28/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугуп, объектинин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысын (акт ввода в эксплуатацию) тапшырды. 

Аталган объект “Алтын казык плюс” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп, пайдаланууга өткөрүлгөн эмес. Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген.   

Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан баштап турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп келет.