Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Бул ирет архитекторлор Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Закиров көчөсүнө чейинки аралыгын башкы планга ылайык ачып (пробивка), андан ары Б.Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтүүгө багытталган эскиздик долбоорун даярдады.
Долбоорго ылайык, заманбап жол чырактар орнотулуп, жолду бөлүп турган тилке жаңыдан көрктөндүрүлөт. Ошондой эле жолдогу эскилиги жеткен бетон тосмолор мрамор таштар менен жасалгаланып, көчөгө заманбап жана эстетикалык көрүнүш тартууланат.
Долбоор ишке
ашырылгандан кийин, аталган көчө—Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өтүп шаарды
бириктирип турган өзгөчө маанидеги борбордук көчөгө айланат.


