icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Мыйзамсыз салынган кошумча курулуштар боюнча чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас регионалдык башкармалыгы жарандардын кайрылуусу боюнча Талас шаарынын Манас көчөсү 187/41 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үй боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган үйдүн биринчи кабатында жайгашкан “Эрке кыз” сулуулук салону жана “Пятерочка” дүкөнү мыйзамсыз экендиги аныкталды. Маалым болгондой, жеке турак үй багытындагы жайга мыйзамсыз кошумча курулуштар салынып, алар коммерциялык багытта колдонулуп жаткан. 

Мындан тышкары, объект боюнча шаар куруу корутундусу иштелип чыкпагандыгы, ошондой эле тиешелүү документтер Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан макулдашылбагандыгы белгилүү болду. 

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура ченемдерин бузуу катары бааланып, объекттин ээлери “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылды.