icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Окуу борбордун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош шаарындагы  “Жаштар” окуу борборунун имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү Молдо Ныяз көчөсү 67 дарегиндеги “Youth of  Osh” коомдук бирикмеси тарабынан салынып жаткан  курулуш объектисинде өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты аталган объектинин курулуш иштеринин мамлекеттик ченемдерге жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына  шайкештигин аныктоо болуп саналат. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, конструкциялык схемасын жана жүк көтөрүүчү элементтерин изилдеди. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, мүмкүн болгон кемчиликтердин жана бузулуулардын себептерине талдоо жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.