Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-ноябрь — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктады.
Министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандагы курулуш тармагынын жетишкендиктерин коомчулукка так жана объективдүү чагылдырууда журналисттердин эмгеги өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
“Өлкөбүздө жүрүп жаткан ири курулуштар-жаңы мектептер, көпүрөлөр, турак жайлар жана инфратүзүмдүк долбоорлор-мамлекеттин өнүгүүсүн жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган чечкиндүү кадамдардын айкын көрсөткүчү. Ал эми ошол иштерди элге так, калыс жана ырааттуу жеткирүүдө сиздердин салымыңыздар чоң,” – деп белгиледи министр.
Иш-чара эркин форматта суроо-жооп менен өтүп, анын жүрүшүндө
журналисттерге Курулуш министрлигинин фирмалык сувенирлери жана ыраазычылык
каттары тапшырылды.


