Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында 275 орундуу бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлдү. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 210 миллион сомго салынды.
Башкы план боюнча жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзгөн, заманбап үлгүдө эки кабаттуу имарат курулуп, бардык шарттар каралды.
Долбоорду ишке ашыруу Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан аткарылды.


