Талас облусуна караштуу Чыңгыз Айтматов районунун Бакыян айылында 50 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты эки кабаттуу курулуп, балдар үчүн заманбап бардык шарттар каралган.
Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө пайдубалы толук гидроизоляцияланып, курулуштун киийнки баскычы баштылды.
Белгилей кетсек,
бала бакчанын курулушу ушул жылдын сентябрында башталган. Объект республикалык
бюджеттин эсебинен каржыланууда.


