icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: “Жаннат Резорттун” уруксатсыз курулган объектиси текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана шаар куруу талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө. 

Кезектеги текшерүү Чүй облустук прокуратурасынын каттын негизинде «Жаннат Резорт» мейманканасынын жанында курулган жеңил конструкциядагы объектке карата жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан бул жеңил конструкциядагы чатыр тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы аныкталды. 

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “МАБ-БУЛА” ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди жана мыйзамсыз курулуш менчик ээлеринин тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду. 

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги объектилерди курууда шаар куруу ченемдерин жана мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.