icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кочкор айылында И.Арабаев мектебине кошумча корпус курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунда И.Арабаев атындагы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 261 миллион сомго бааланган. 

Башкы план боюнча объект “Т” формасында салынып, 500 орунга ылайыкталган. Жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзгөн мектеп үч кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. 

Объекттин курулушу 2023-жылдын ноябрь айында башталган. Азыркы тапта курулуш 70 пайызга аткарылды.