Мырзабек Акылбеков Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Дайындоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобонунун негизинде жүргүзүлдү.
Тиешелүү буйрукка
Курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койду.


