icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Борбордук стадиондун кире беришинин эскиздик долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет архитекторлор Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун кире беришин көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоорун иштеп чыкты. 

Борбордук стадиондун айланасы буга чейин ар кандай учурларда жеке тараптарга пайдаланууга берилип, анын кесепетинен башаламан курулуштар пайда болуп, стадиондун жалпы көрүнүшүнө жана эл аралык талаптарга жооп берүүсүнө терс таасир тийгизген. Эми долбоорго ылайык, аталган аймак жашылдандырылып, шаар тургундары үчүн иретке келтирилет.