icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кочкордогу “Сейил” паркынын эскиздик долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кочкор райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет архитекторлор Кочкор айылындагы "Сейил" паркты реконструкциялоо үчүн эскиздик долбоорун иштеп чыгып, учурда курулуш иштери башталды.

Долбоорго ылайык, паркта амфитеатр, лабиринт, аттракцион, футкорд, муз аянтчасы жана скейт борд сыяктуу оюн-зоок аянтчалары каралган. Парктын жалпы аянты 4,5 чарчы метр.