icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш лигасынын финалдык беттештери 9-ноябрда өтөт

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси жана “Синерджи” спорттук иш-чаралар агенттиги менен биргеликте  курулуш тармагындагы кызматкерлер арасында алгачкы жолу уюштурулган футболдук турнир – Курулуш лигасы (К-лига) жыйынтык баскычына жакындады.

Турнирдин ачылышы 19-октябрда Бишкек шаарындагы “Алга” спорт комплексинде өткөн. Алгачкы оюндарга министрликтин жана курулуш компанияларынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда катышкан. 

Эми турнирдин чечүүчү беттеши 9-ноябрда борбор шаарыбыздагы “Алга” спорт комплексинде өтөт. Бул күнү чемпиондук наам үчүн мыкты төрт команда ат салышат. Жеңүүчүлөргө Курулуш лигасынын кубогу, сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылат. 

Футболдук турнирдин негизги максаты - тармак ичиндеги ынтымакты бекемдөө, кызматташууну өнүктүрүү жана сергек жашоо образын калыптандыруу.