icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ош облусунун Ноокат районунун 12-Мойнок айылында А.Сыранов атындагы жаңы мектептин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда

Мектептин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 116 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, жаңы мектеп эки блоктон жана заманбап спорт залынан турат. Мектепте негизги класстардан тышкары атайын лабораториялар, компьютердик класс, дарыгердин кабинети, китепкана, актовый зал, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттери каралган.

Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери 50 пайызга бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, айылдагы эски мектеп 1975-жылы курулган. Жаңы имарат окуучулар үчүн заманбап шартта, ыңгайлуу билим алууга багытталган.