Чүй облусунун Сокулук районунун Кун-Туу айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган жана жакын арада айылдын кичинекей тургундары үчүн өз эшигин ачат.
Жаңы бала бакча заманбап эки кабаттуу имараттан туруп, 140 балага ылайыкталган. Анда балдардын ар тараптуу өнүгүүсү жана санитардык нормалардын сакталышы үчүн бардык шарттар каралат. Бала бакчада атайын оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, ашкана, музыкалык зал жана медициналык кабинет бар. Мындан тышкары, бала бакчанын аймагында коопсуз оюн аянтчасы орнотулган. Объекттин тендердик баасы 54 млн сомду түзөт.
Кун-Туу айылындагы бала бакчанын курулушунун аякташы аймакта мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана өсүп келе жаткан муун үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.