icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун катышуусунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кашка-Терек айылында №56 К.Кулманов атындагы орто мектебин ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун катышуусунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кашка-Терек айылында №56  К.Кулманов атындагы орто мектебин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу жана жергиликтүү эл катышты. 

Мектептин курулуш иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 92 млн сомду түздү. 

Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, төрт блоктон турат жана заманбап билим берүү шарттары менен камсыздалган. Негизги окуу класстарынан тышкары, мектепте лаборатория, компьютердик класс, актовый зал, медициналык кабинет, ошондой эле атайын балдар үчүн металл иштетүү устаканасы жана кыздар үчүн тигүү жана кийим бычуу устаканасы каралган. Мектептин жалпы аянты 1780 чарчы метрди түзөт.