Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун катышуусунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Кырман айылында жаңы мектептин курулушун баштоо үчүн пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Капсула салуу аземге ЖКнын айрым депутаттары, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу жана жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоор боюнча №43 И.Базаркулов атындагы орто мектеп 275 окуучуга ылайыкталган. Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 233 млн сомду түзөт. Келечекте Кеңеш жана Кызыл-Кырман айылдарынын окуучулары заманбап шартта билим ала алышат.