11-мартта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Орунтаев Нурдан Кемелович БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын курулушта жеткиликтүүлүгүн, имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу жана калктын аялуу катмары үчүн социалдык объектилерди курууга байланышкан маселелер талкууланды. Атмосферага эмиссияларды азайтуу жана жашыл курулушту өнүктүрүү сыяктуу маанилүү экологиялык демилгелер да каралаары кошумчаланды.
Жолугушууда Антье Граве айым министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, тараптар өлкөнүн жашоо сапатын жана туруктуу өнүгүүсүн жакшыртуу үчүн кызматташууну улантууга жана тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.