17-мартта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин имаратында «Xinjiang Tianyu Engineering Testing Co., Ltd» компаниясы жана Кытай Эл Республикасынан келген Nanjing Steel Co., Ltd (Changhong Steel Structural Engineering) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кытайдан келген металл конструкцияларын Кыргыз Республикасынын рыногуна киргизүүнүн келечеги, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Тараптар инновациялык чечимдерди ишке ашырууга жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөө максатында курулуш жана өндүрүш тармагында мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдиришти.