icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Жалал-Абад шаарындагы №1 поликлиниканын курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Жалал-Абад шаарындагы №1 поликлиниканын курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда.                                          Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 156 млн сомду түзгөн.


Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3141 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулууда. Жаңы медициналык мекеме заманбап жабдуулар менен камсыздалып, шаар тургундарына ыңгайлуу шартта сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүгө багытталат.


Министрлик курулуш иштеринин жүрүшүнө жана аткарылган иштердин сапатына тыкыр көзөмөл жүргүзүүдө.

Учурда курулуш иштери 47%га аяктады.