Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылындагы мектепте окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Жумуштардын жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт.
Оңдоо иштеринин алкагында мектептин чатыры жана терезелери толугу менен жаңыланат, жылуулук системасы модернизацияланат, ашкана капиталдык оңдолот. Мындан тышкары, имараттын сырткы фасады жаңыланып, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Капиталдык оңдоо иштерин бүткөрүү жана мектепти окуучулар үчүн ачуу быйылкы жылга пландаштырылган.