Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында К. Байтереков атындагы жаңы спорткомплекси ачылды.
Долбоор боюнча спорткомплекс эки кабаттуу жалпы аянты 993 чарчы метрди түзгөн заманбап шары менен курулду. Андан тышкары конференц-зал, спорт залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыктыруучунун кабинети каралган.