Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында Ч. Дүйшеева атындагы жаңы музыкалык мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Мектептин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Объекттин тендердик баасы 57 млн сомду түздү.
Долбоордун алкагында эки кабаттуу окуу имараты, жеке сабак өтүүчү класстар, музыкалык аспаптарды сактоо кампасы, музей, актовый зал, китепкана, окуу залы жана үн жаздыруу студиясы каралган.