275 окуучу орунга ылайыкталган эки мектеп Кадамжай районунда жайгашкан. Ал эми 150 орундуу мектеп Баткен районунун Таян айылында ишке берилди.
Ошондой эле, Баткен шаарында 500 орундуу С. Айтматов атындагы мектеп ачылып, анын курулушуна 145 миллион сом сарпталды.
Жаңы мектептердин ачылышы — бул аймактагы билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам. Заманбап окуу жайлар балдардын билим алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана окуу процессинин сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.