Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн-форматта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда эки бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Жаңы бала бакчалар 100 орунга эсептелип, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылган заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бала бакчаларда окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, дарыгердин кабинети жана ашкана каралган.
Жаңы мекемелердин ачылышы аймактагы мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана тарбиялоо менен окутуунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.