2025-жылдын 22-мартында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы социалдык объекттердин курулушун жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин текшерди. Текшерүүнүн алкагында төмөнкү объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты менен таанышты:
* Бер-Булак айылындагы 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп;
* Таш-Дөбө айылындагы Бейшеналиев атындагы мектепти жана бала бакчанынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери.
Текшерүү учурунда коопсуздук маселелерине, курулуш стандарттарынын сакталышына жана жумуштардын аткаруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду. Министр Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Ислам Момоконовго курулуштун сапатын катуу көзөмөлгө алып, объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, башкы подрядчы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын директору Алмаз уулу Максатка мектеп менен бала бакчанын курулушун жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жаңы окуу жылы башталганга чейин бүтүрүү боюнча тапшырма берилди. Министр белгилегендей, объекттерди өз убагында бүткөрүү — приоритеттүү милдет, анткени бул окуучулардын жана балдардын заманбап шартта билим алуусуна жана коопсуздугуна түздөн-түз таасирин билдирди.