2025-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин имаратында Кытай Эл Республикасынын «China Railway Materials Company Limited» борбордук темир жол материалынын корпорациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга министрдин биринчи орун басары Самат Джантелиев, министрдин орун басары Бактыяр Станбеков жана корпорациянын өкүлдөрү катышты. Талкуу учурунда Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына металл конструкцияларын жеткирүү келечеги каралды. Тараптар курулуш жана өндүрүш тармагында кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.