Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында К. Досмамбеков атындагы балдар музыкалык мектебинин курулушу улантылууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин тендердик наркы 45 миллион сомдон ашты.
Долбоорго ылайык, 120 орунга ылайыкталган жаңы музыкалык мектеп эки кабаттан турат, заманбап окуу класстары менен жабдуу каралган. Бүгүнкү күндө курулуштун даярдык деңгээли 20% түзөт. Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүндөгү нормалардын жана коопсуздук талаптарынын сакталышын Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп турат.