icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

НУРДАН ОРУНТАЕВ КУРУЛУШ КОМПАНИЯЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЭРКИН ФОРМАТТА ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

2025-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Эл аралык курулуш комитети, Эл аралык Куруучулар ассоциациясы жана JIA бизнес ассоциациясы менен биргеликте өлкөбүздөгү курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен эркин форматта жолугушуу өткөрдү.

Отурумга, Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басарлары жана тиешелүү башкармалыктын жетекчилери, Эл аралык курулуш комитетинин төрайымы Айнура Сагын жана Эл аралык Куруучулар ассоциациясы, JIA бизнес ассоциациясынын жетекчилери,  курулуш компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын негизги максаттарынын бири – Мамлекетибиздин курулуш тармагын коррупциялык жолдордон арылтып, мыйзамдуулукту сактап жарандарыбызга сапаттуу курулуштарды өз убагында камсыз кылуу, шаардан сырткары региондордо курулуштарды (турак жайларды) жайылтып өнүктүрүү, жаш адистерди дайындап, кадрдык тартыштык көйгөйлөрүн чечүү жаатында талкуулар болду. Курулуш компаниялардын маселелери, сунуштары каралып, биримдикте Мамлекетибиздин курулуш тармагына жаңы өзгөрүүлөдү киргизүү боюнча ойлор айтылды. 

Нурдан Орунтаев өз сөзүндө: Биздин башкы максат - Элибиздин коопсуздугун камсыз кылуу, жеке ишкерлерге (курулуш компанияларга), сырттан келген инвесторлорго колдоо көрсөтүп, курулуш тармагында жеңилдиктерди, шарттарды түзүп берүү. Курулуш жаатында кандайдыр бир сунуштар, көйгөйлөр жаралган учурда бизге түздөн-түз кайрылсаңыздар болот, эшигибиз ачык. Курулуш Министрлиги ар бир жараныбыздын үнүн угууга, ачык саясат жүргүзүүгө ар дайым кызыктар экендигин билдирди.

Алдыда мындай жолугушуулар тез-тезден болуп, Өлкөбүздүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө болгон талкуулар байма-бай болоорун белгилейбиз.