icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Министр Нурдан Орунтаев Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы долбоорлор менен таанышты

12-апрелде министр Нурдан Орунтаев иш сапары менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларына барды. Иш сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы борбордук пляж жана «Алтын кум» пляжын камтыган жээк зоналарын реконструкциялоо боюнча долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Реконструкция иштерин башкы подрядчы мамлекеттик ишкана «Кыргызкурулуш» жүргүзүүдө.

Объекттерди кыдыруу учурунда министр аткарылып жаткан иштердин сапатын жогорулатуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана экологиялык талаптарга жооп берүүсүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле, Нурдан Орунтаев Балыкчы шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал аталган башкармалык үчүн курулуп жаткан жаңы административдик имараттын курулушун текшерди. 

Министр шаардык инфраструктураны модернизациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаңы имараттын пайдаланууга берилиши башкармалыктын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырарын билдирди.