Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Н.Алыкулов атындагы 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу уланууда.
Жаңы окуу комплекси 4 блоктон турат жана анын жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча лабораториялар, компьютердик класс, азык-түлүк сактоочу жайы бар ашкана, актовый зал, психологдун жана дарыгердин кабинеттери каралган.
Мектеп жаштардын билим алуусу жана жалпы коомдун социалдык өнүгүүсү үчүн маанилүү объект болуп саналат.
Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулган.