Салтанаттуу ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышып, жергиликтүү тургундарды бакчанын ачылышы менен куттукташты.
Жаңы бала бакча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулду. Долбоор боюнча 50 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу имарат бардык заманбап шарттар каралган.
Белгилей кетсек, балдар бакчасынын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Имараттын жалпы тендердик баасы 26 млн сомду түздү.